Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын Республикалык олимпиадасын өткөрүү мөөнөтү жылдырылды

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 486 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү мөөнөтүн жылдырды.

Буга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгү себеп болгон. Мындан улам министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечимин кабыл алды.

Учурда Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыга турган көз карандысыз уюм тартууга тендер жарыяланды. Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү ушундан кийин гана белгиленет. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша айрым өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Республикалык олимпиада жөнүндө маалымат министрликтин сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча жайгаштырылат.

Биринчи баскычы ноябрь айында болуп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM