Биз менен байланышыңыз

Юстиция министрлиги бюджетке 152 млн сом которгонун кабарлады

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 321 | 0

Юстиция министрлиги 2020-жылы республикалык бюджетке 152 млн 700 миң сом которгонун кабарлады.

Анын ичинде:

— 140 млн 158 миң 700 сом нотариалдык аракеттер үчүн юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым болуп эсептелет;

— 221 миң сом лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым;

— 10 миң 100 сом сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым;

— 101 миң 300 сом мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;

— 10 млн 968 миң 400 сом апостиль коюу үчүн жыйымдар;

— 1 млн 284 миң 500 сом суммасында башка төлөмдөр;

— 10 миң 700 сом суммасында административдик айыптар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM