Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 71 адамдан коронавирус аныкталды, 98 адам сакайды

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 585 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду. Өлкөдө коронавирустун жалпы өлүм учурлары 1401ге жетти.

Бир суткада дагы 71 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 83 миң 971ди түздү.

25-январга карата COVID-19 илдетинен 98 адам сакайды. Март айынан бери бул оорудан айыккандар 80 025 болду.

Бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Вирус жалпы 4168 медкызматкерге жуккан, анын 4075и сакайган.

Бүгүнкү күндө 661 бейтап дарыланып жатат, анын 28и өтө оор абалда, 225и оор абалда, 405 адам орто оордукта, 3 адамдын абалы туруктуу. Үй шартында дарыланып жаткандардын саны 952нин тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM