Биз менен байланышыңыз

Япония Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине грант берет

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 526 | 0

Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» аталышындагы гранттык программасынын алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эки мекемеси 145 миң 191 доллар колдоо алат. Бул тууралуу министрлик кабарлады. 

Аталган долбоордун алкагында Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеге 75 миң 106 долларга медициналык жана лабораториялык шаймандар, эмеректер, линолеум, тиричилик жана өндүрүш шаймандары берилет.

Мындан тышкары майып балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна 70 миң долларга реабилитациялык, медициналык жабдуулар, эмеректер жана тиричилик техникасы, атайын медициналык автоунаа, линолеум берилет.

Япониянын «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» боюнча гранттык программасы Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын ж.б. аракеттери менен адамдын негизги муктаждыктарын чечүүгө багытталган.

Программанын алкагында Кыргызстанда 11 млн 42 долларды түзгөн 163 долбоор ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM