Өткөн суткада Кыргызстанда эки бейтап коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады:
— Каза болгон эки бейтап тең Бишкек шаарынан. Бүгүнкү күнгө карата дагы 1 643 адам дарыланууда жатат. Алардын ичинен 676 стационардык дарыланууда болсо, калганы ооруканада.
Ошондой эле вирус жуктуруп алган 104 жаңы учур катталса, пневмонияны эсепке албаганда сутка ичинде 155 бейтап COVID -19 илдетинен айыгып чыкты.