Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан COVID-19га каршы кайсы вакцинаны алары чечиле элек

Коронавируска каршы вакциналар иштелип чыкты. Ошол эле учурда вирустун өзгөргөн, күч алган жаңы түрү пайда болууда. 2021-жылдын башынан тартып Америка жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат. Кыргызстан кайсы вакцинаны колдонот?

Коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы күндөрү Орусияда аныкталган. Мындан тышкары коронавирустун дагы бир башка түрү Японияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. А бирок Кыргызстанда бул боюнча маселе көтөрүлгөнү менен вакцина тандоо азырынча чечиле элек. Эл аралык COVAX программасынын алкагында биздин өлкөгө коронавируска каршы сегиз вакцина сунушталган.

Дүйнө өлкөлөрү колдонуп жаткан жана Кыргызстанга биринчи болуп сунушталып жаткан «Pfizer» компаниясынын вакцинасын сактоо үчүн талап кылынган -70 градустук муздаткычтардын өлкөдө жоктугунан улам, Өкмөт андан баш тартканын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргени коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Американын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сактоо үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген.

«Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет».

Министрдин маалыматында USAID уюмунун Бишкектеги кеңсеси бул боюнча комментарий бере элек.

Коронавируска каршы вакциналарды сактоо үчүн USAID уюму Кыргызстанга муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылган», — деп жазды Сурабалдиева.

Америка жана Германиянын «Pfizer/Biotech» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму алгачкылардан болуп уруксат берген.

Министрдин айтымында, -18 градуска чейинки температурада сактала турган Орусиянын «Спутник-V» вакцинасын алуу боюнча Москвага кат жиберилди. Кремль уруксат берер замат Орусиядан эмдөөчү дарылар келиши мүмкүн.

Бейшеналиев Орусиянын вакцинасы сатылып алынарын, Финансы министрлиги акча бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Орусиянын вакцинасын сатып алсак 2,5 млн доллар керек болот. Бул вакцинага керек болгон муздаткычтар бизде деле бар. Азыркы кезде бизге 2,5 млн доллар акча керек. Аны Финансы министрлиги бөлүп берерин айтты».

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев бул чаржайыт чыккан маалымат болгонун жана вакцинаны колдонуу оор маселе экенин, андыктан бул маселени саясатташтырбай, мамлекеттик комиссия түзүп, тез аранын ичинде чечүү зарылдыгын айтып чыкты.

«Бул маселени саясатташтырып, элдин башын айлантпай, туура маалымат бериши керек. Пандемия деген — бул: согуш, бир вирустун адамзатка болгон согушу. Каалайбызбы, каалабайбызбы, мамлекет атайын комиссия түзүп, бир вакцинаны тандашы керек. Кытайдыкы, Американыкы, Орусияныкы дебей, бүткүл элдин ден соолугуна зыян келбегидей бир жолун издеп, эң жогорку деңгээлде өткөзүү керек, бул — милдет».

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирус илдети 90 миллиондон ашуун адамга жугуп, эки миллиондой бейтап көз жумду.

Вирустун жайылышы боюнча биринчи орунда — Америка, андан кийин — Бразилия, ал эми үчүнчү орунда Орусия турат.

Copyright © 2017 Maral FM