Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.
Жарлыкка ылайык, инаугурация 28-январда өтөт. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басарлары болушту.