Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Стамбул багыты боюнча авиакаттамдар көбөйтүлөт

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 617 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-январдан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 7 каттам уюштурулат.

Учууларды «Turkish Airlines» авиакомпаниясы ишке ашырат.

Буга чейин аталган авиакомпания каттамдарын жумасына 5 жолудан жүргүзүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM