Connect with us

Криптовалютаны мыйзамдаштыруу менен эмне өзгөрөт?

Экономика | 19 Янв 2021 | 1204 | 0

Улуттук банк «Криптовалютаны жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Мыйзам кабыл алынса, криптовалюта жүгүртүүнү каалагандар Улуттук банктын каттоосунан өтүп, тиешелүү лицензия алышы шарт. Муну менен Кыргызстан криптовалютаны мыйзамдаштырууга алгачкы кадамын таштоодо. Буга чейин Улуттук банк электрондук акчага инвестиция салуу кооптуу экендигин эскертип келишкен. 

«Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун негизги максаты: технологиялардын жана бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ошондой эле криптовалютанын укуктук базасын пайда кылуу. Башкача айтканда, «Кандай жүгүртүү керек, кантип сатып алса болот?» деген суроолорго жооп берип, шарттар түзүлүп, керектөөчүлөрдүн укугу корголот. Мындан сырткары тобокелчилдиктерди минималдаштырууга да багытталгандыгын Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын, санарип жана финансы-технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси Санжар Абдыгазиев маалымдады.

Жаңы мыйзам боюнча криптовалютаны алмаштыруу кызматын көргөзгөн уюмдардын лицензия алышы сунушталып жатат. Атайын криптовалюта жүгүртүүнү каалаган компаниялар Улуттук банктын каттоосунан өтүп, лицензия алышы керек болот. Аларга атайын талаптар бар: маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, кардарлардын укугун коргоо. Ишмердигин жөнгө салган атайын орган катары Улуттук банк көрсөтүлөт. Андан сырткары финансылык чалгындоо кызматына атайын маалыматтарды берип турушу керек. Бул тармак таптакыр жөнгө салынган эмес, андан ар түрдүү тобокелчиликтер пайда болуп жатат. Терроризмди каржылоо, наркотик, курал-жарак сатып алуу тобокелчиликтери бар. Ошондуктан ушундай жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыгып жатат. 

Мыйзамды кабыл алуудан мурда этияттык менен талдоо керектигин жана алардын шашып жаткандай түр көрсөтүп жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты, экономист Акылбек Жапаров айтты.

Анын айтымында, тилекке каршы, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин ичинде жашагандыктан, криптовалюта боюнча мыйзамды адегенде Орусия кабыл алып, анын артынан Улуттук банк да бара жатат.

Санарип мейкиндиги боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов кодекс кабыл алып жатат. Ушул түшүнүктөрдү киргизип, андан кийин электрондук акча түшүнүгүнө өтүшүбүз керек. Булар өтө шашып бара жаткандай түр көрсөтүп жатышат. Криптовалюталардын кооптуу жагы, бүгүнкү күндө аны эч ким көзөмөлдөй албайт. Колунан келген, акылдуу, башы иштеген кишилер компьютери болсо, ошону чыгара берет. Ошодуктан анализдеп, изилдеп көрүп, андан кийин гана киришүү керек. Негизи, ушундай түшүнүктөр болуп жатканын киргизип, бирок чочутпоо керек. Негизи, дүйнө жүзүндөгү катуу тенденциялардын бири болуп калды. Чоң мамлекеттерге теңелебиз деп, алардын саясатынын шамалында калып калбайлы.

Криптовалюталарды чыгаруучу компанияларды майнинг компаниялары деп аташат. Бардык криптовалюталарды майнинг кылса болот, ал компаниялардын технологиясына жараша болот. Криптовалюталардын пайдасы жүргүзгөн саясатка жараша боло тургандыгын, майнинг компаниялары үчүн атайын өзүнчө экономикалык аймактарды түзүү керектигин экономист Кубан Чороев белгиледи.

Кыргызстанда майнинг компаниялардын иштөөсү үчүн электр энергиясы кетип жаткандыктан, аларга өзүнчө тариф сунуштоо керек. Атайын кымбатыраак кылып. Анткени жаңы технология лицензия алып, салык төлөп иштесе, майнинг компаниялары Кыргызстанга келмек. Себеби Кыргызстанда электр энергиясы арзан. Алар көп энергия сарптайт. Ошондо мамлекет салыктан тышкары, электр энергиясын саткандан да пайда табат. Балким аларга өзүнчө экономикалык аймактарды түзүү керек. Анткени майнинг компанияларды тыштан инвестиция тартуунун жаңы бир тармагы катары карасак болот.

Ошол эле учурда саясат талдоочу, Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбековдун айтымында, криптовалютаны иштеп чыгаруу — ишкердиктин бир түрү. Аны мыйзамдуу түрдө товар саткандай эле, же кызмат көрсөтүү сыяктуу эле кабыл алуу керек. Криптовалютаны иштеткен, ага талап жогору болгон өлкөлөр көп. Ишкерлер криптовалютаны иштетип киреше тапса, өлкө бюджетине да жакшы болмок.

Криптовалютанын негизги концепциясы — көзөмөлдөн тышкары болуу идеясы менен чыккан. Азыкы учурда анын 2 миңден ашык түрү бар. Дүйнө жүзүндө бир да мамлекет криптовалюталарга карата эч кандай кепилдик бербейт, анын ичинде Кыргызстан да. Аларга карата кызмат көрсөтүү, кардарлардын укугу боюнча жөн гана талап коюлат. Мыйзам долбооруна ылайык, криптовалютаны сатуу жана алмаштыруу кызматын көрсөткөн компаниялар аркылуу жеке жактар сатып алып же сата берсе болот. Ал эми лицензия албаган юридикалык жактарга тыюу салынат. Серепчилер акыркы учурда Кыргызстанда криптовалютага кызыккандардын саны өсүп жатканын белгилеп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM