Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы үч бейтап коронавирустан каза тапты

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 268 | 0

18-январга карата Бишкек шаарында үч бейтап коронавирустан каза тапты. Өлкөдө бул оорудан көз жумгандардын жалпы саны 1387ге жетти.

Бир суткада 69 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Март айынан бери вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 83 178ге жетти.

18-январга карата оорудан 110 бейтап айыгып, сакайгандардын жалпы саны  79 104ди түзүүдө.

Акыркы сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, 4 кызматкер айыкты.

Март айынан бери 4158 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алган, анын 4059у сакайды.

Ушул күндөрү ооруканаларда  790 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен:
-7 адам канааттандыраарлык абалда;
-499у орто оордукта;
-244 бейтап оор абалда;
-40 адам өтө оор абалда.

Үй шартындагы дарыланууда 967 бейтап бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM