Бишкектеги билим берүү мекемелеринде балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Мектептерде реалдуу режимде окутуу башталгандыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мектептерге барып, жол коопсуздугун көзөмөлдөө, окуучулар менен жолугушууларды жана сабактарды өткөрүп турат.
18-январдан баштап Бишкек шаарындагы мектептерге 1-5-9-11-класстар барып окуй башташты.