Биз менен байланышыңыз

Сүйүндүков Калькутта фестивалында «Мыкты режиссер» наамына ээ болду

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 739 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков Калькутта эл аралык кинофестивалында «Мыкты режиссер» наамына ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жаряланды.

Режиссер Артык Сүйүндүков тарткан «Шамбала» толук метраждуу тасмасы аталган эл аралык сынагында көрсөтүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, аталган кинофестиваль Эл аралык кинопродюсерлер ассоциацияларынын федерациясы тарабынан аккредитацияланган жана Индиядагы эң байыркы кинофестивалдардын бири деп эсептелинет.

Пандемияга байланыштуу кинофестиваль ушул жылдын 8-январынан 15-январына чейин онлайн режиминде өттү.

Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM