Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжада эки милиционерге ок атылды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 851 | 0

Ош облустук милициясы Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине ок чыгаргандар изделип жатканын кабарлады.

13-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош ИИБине маалымат түшүп, Кара-Кулжа райондук милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерине (С.Б.) кол салуу болгону кабарланган.

Ал Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө өзүнүн «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында отурганда белгисиз адам кол салып, алдыңкы капталдагы терезеге 16 калибрлүү куралдан ок чыгарган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү (Д.К.)  автоунаадан түшкөндө, аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганда, ал качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 39-беренеси («Кылмышка аракеттенүү»), 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө амалдары жана шектүүнү аныктап, кармоо аракети жүрүп жатат.

Жабыркаган милиция кызматкерлери ооруканага жаткырылды.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районунда «Перехват» операциясы киргизилип, Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлду.

Учурда шектүүлөрдү аныктап, кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM