Биз менен байланышыңыз

«Өткөн жылы балык чарбасы бир миллиард сом киреше алып келди»

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 448 | 0

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 5139 тонна балык өндүрүлдү. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2019-жылы 3128 тонна балык өндүрүлгөн болчу.

— 2020-жылы 3150 тонна балык экспорттолду. Ал эми 2019-жылы 2375 тонна экспорттолгон болчу. Балыктардын баасын орто эсеп менен «бир килограммын 250 сом» деп алганда, өткөн жылы бир миллиард сомдон ашык киреше түштү, — деди Ниязов.

Ошондой эле ал Казакстан менен Орусиядан консерва түрүндөгү балыктар көп кире тургандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM