Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттарга пенсия берүү келишими күчүнө кирди

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 603 | 0

Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерде иштеген мигранттарды пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразия Экономикалык Комиссиянын маалыматтарында айтылат.

Биримдиктин курамына кирген өлкөлөрдө эмгек мигранттары кандайдыр бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Ал кийин пенсияны түзөт.

Эмгек мигранттары ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн берип жүрүшү керек. Ошондо гана эмгек стажы эсептелет.

ЕАЭБдеги пенсия маселеси боюнча документке 2019-жылдын 20-декабрында Биримдиктин өлкө башчылары кол койгон. Аны парламент 2021-жылдын 1-январында ратификациядан өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM