Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кеченин көмүрү тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 545 | 0

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Кара-Кеченин көмүрү шаардагы кара түтүнгө таасир этпей турганын билдирди.

Мекеме 13-январда тараткан билдирүүдө Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун лабораториясынын корутундусуна ылайык, Кара-Кеченин көмүрүнүн нымдуулугу орто эсеп менен 22-23 %га чейин, күлү 20 %га чейин экени айтылды.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгили үчүн көмүрдүн бардык партияларын алып келүүгө Бишкек ЖЭБинин лабораториясынын протоколу бар. Бишкек ЖЭБине ушул чечимдин негизинде гана көмүр алып келинет.

«Кыргызкөмүр» ишканасы менен «Электр станциялары» ишканасынын Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүр жеткирүү келишими боюнча берилген көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөсү, сынактын шарттарына ылайык төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

Көмүрдүн нымдуулугу келишимдин негизинде — 23,9 пайыз;

Күлдүн курамы — 20 пайыз;

Калориялуулук — 3800 ккал.

Буга чейин эколог Анара Султангазиева маалымат каражаттарына маек берип жатып, Кара-Кечеден алып келинген көмүрдүн күлү 50 пайызга чейин болорун айткан.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы кара түтүнгө Бишкек ЖЭБинде Кара-Кеченин көмүрүнүн жагылышы чоң таасир этип жатканын, бул көмүрдү ташууга тыюу салуу керектигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM