Биз менен байланышыңыз

Японияда кардын калыңдыгынан адамдар каза болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 1199 | 0

Японияда калың жааган кардан 10 адам каза таап, 300дөн ашуун адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Ниигата, Тояма, Исикава, Фукуи жана Гифу шаарларына өзгөчө абал киргизилди. Аталган шаарларда 8-январдан бери кар токтобой, айрым жерлерде калыңдыгы 1 метрден ашканы айтылууда. Мындан улам миңдеген автоунаа кар астында калып, жүздөгөн аба каттам токтотулган.

Япония бийлиги жергиликтүү элди зарыл жумушу болбосо, аба ырайы турукташканга чейин көчөгө чыкпай туруусун эскертүүдө.

В Японии в результате снегопада пострадали 76 человек - Korrespondent.net

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM