Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир күндө 177 адам айыгып, 92 адам вирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 369 | 0

Кыргызстанда 13-январга карата 92 адамдан коронавирус табылды. Республикалык штаб кабарлагандай, жалпы учурлар 82 миң 587ге жетти.

Коронавирустан бир күндө Бишкекте  бир адам каза болуп, жалпы өлүм учурлары 1375ке жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 177 адам коронавирустан айыгып чыккан, оорудан сакайгандардын жалпы саны: 78 миң 358 киши.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 810 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 113 адам дарыланууда.

Мындан тышкары өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4050 кызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM