Биз менен байланышыңыз

Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» директору болду

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 988 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» башкы директору болуп дайындалды. Маалыматтарга караганда, тийиштүү чечимди өкмөт кабыл алган.

Рахат Сулайманов бүгүн телеканалдын эмгек жамаатына тааныштырылды.

«Бешинчи каналды» буга чейин журналист Эрнис Кыязов башкарып келген. 

Рахат Сулайманов 45 жашта. Ал «ЭлТР» каналында башкы продюсер болуп иштеген. УКМКнын маалымат бөлүмүн көп жылдан бери жетектеп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM