Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо жана референдум боюнча байкоолорунун жыйынтыгын жарыялады

Саясат , Шайлоо-2021 | 12 Янв 2021 | 1052 | 0

Эскертүү: Бул «Жалпы иш» коомдук фондунун материалы болуп эсептелет. Макаланын мазмунуна биздин редакция жооп бербейт.  

10-январь күнү Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. «Жалпы иш» коомдук фонду дээрлик эки ай бою шайлоо алдындагы үгүт иштерине, шайлоо күнүндөгү мыйзам бузууларга жана бир катар маселелерге байкоо салды. Ага байланыштуу «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого даярдык көрүү боюнча узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары тууралуу алдын ала билдирүүнү декабрь айында чыгарып, 11-январда республиканын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы тууралуу алдын ала билдирүүнү маалымат жыйында жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө фонд президенттикке талапкерлердин бардыгына шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөн эмес деп билдирди. Ошондой эле жыйында бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузуу, административдик ресурстарды пайдалануу, шайлоо күнүндөгү үкөкчөлөрдүн бузулушу тууралуу маалымат берилди.

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан шайлоо күнү кыска мөөнөттөгү 500 байкоочу, узак мөөнөттөгү 58 байкоочу, мобилдик 58 команда, башкы кеңсенин 20 кызматкери, аймактык 8 координатор жана 16 юрист шайлоо участкаларынын ачылышына, добуш берүүгө, добуштарды саноого жана жыйынтык чыгарууга байкоо салуу үчүн тартылды.

Бир нече жыл мурун киргизилген автоматтык эсептөө урналары шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен учурлардын санынын кыскарышына жардам берди. Мындай пикирин «Жалпы иш» коомдук фондунун долбоорунун координатору Раушан Садырбаева билдирди. Бирок ага карабастан координатор автоматтык урналар шайлоо күнү бузулуп, бир катар тоскоолдуктарды жаратканын айтты.

 «Aвтоматтык эсептөө урналарына байланыштуу техникалык көйгөйлөр шайлоо участкаларынын 29 %ында байкалды, ал эми идентификациялоочу жабдууларга байланыштуу көйгөйлөр шайлоо тилкелеринин 10 %ында байкалды. Шайлоо участкаларынын 4 %ында автоматтык урналар туура эмес иштегендиктен, алар стационардык урналарга алмаштырылды», — дейт координатор.

Коомдук фонддун узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперти Арсланбек Өмүрзаков «Форма №2» жокко чыгарылып, ички мигранттар үчүн альтернативдүү сунуш тартууланган эмес деп билдирди. Өмүрзаков бул жагдай добуш берүү күнү шайлоого келген жарандардын санына таасир эткен фактордун бири деп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

«Көптөгөн адамдар шайлоо укугунан ажырап калды. Аны биз шайлоонун жыйынтыгынан көрдүк, анткени шайлоого келген адамдардын саны өтө аз болгону байкалды. Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт маалында бир гана талапкер үстөмдүк кылды, биздин маалыматка ылайык, башка талапкерлерге толук кандуу агитация жүргүзүүгө тоскоолдуктар болду. Ушуну менен катар коомдук телерадио корпорациясына да арыздар келип түштү. Ал арыздарда административдик ресурс колдонулганбы деген суроо туулуп калып жатат. Анткени коомдук телеканал бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасаган жок деген жыйынтык чыгышы мүмкүн», — дейт эксперт.

«Жалпы иш» фонду 10-январь шайлоо күнү жалпысынан 62 мыйзам бузуу фактысын каттады. Юрист Таалай Асылбеков алардын алтысы Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилди деп билдирди. Юрист кайсы аймакта канча мыйзам бузуу катталганы тууралуу маалымат берди.

«Биздин аймактык байкоочулардын берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 18, Чүй облусунда 10, Баткен облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 8, Нарын облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 3, Талас облусунда 2 мыйзам бузуу фактысы байкалды», — деп билдирди юрист.

Ал эми аталган фонддун төрайымы Аида Сүйүндүева мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү тынч маанайда өткөнүн билдирди.

«Шайлоо күнү тынч абалда өттү. Бирок шайлоо процессиндеги этаптар: шайлоо алдындагы иштер, шайлоо күнү жыйынтык, толугу менен талдап бүткөндө гана финалдык отчетту жарыялайбыз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого даярдык көрүү мезгилинде өткөргөн байкоонун жүрүшүндө 85 мыйзам бузуу каттады.

Copyright © 2017 Maral FM