Биз менен байланышыңыз

Казакстанда шайлоонун соңку жыйынтыктары жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 569 | 0

Казакстандагы Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өткөн аталган өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасына шайлоонун соңку жыйынтыгын жарыялады.

Маалым болгондой, ат салышкан партиялардын ичинен Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы 71,09 %, Азат Перуашев төрагалык кылган «Ак жол» партиясы 10,95 %, Айкын Коңуров жетектеген Казакстан элдик партиясы  9,10 % добуш алып, парламентке депутат алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми калган 2 партия — Али Бектаевдин «Аул» партиясы (5,29 %), Серик Султангалинин «Адал» партиясы (3,57 %) 7 пайыздык босогодон өткөн жок деп табылды.

Добуш алуунун пайыздык көрсөткүчтөрүнө ылайык, депутаттык мандаттар төмөнкү тартип менен бөлүштүрүлөрү маалым болду:

«Нур Отан» партиясы — 76 мандат;

«Ак жол» партиясы — 12 мандат;

Казакстан элдик партиясы — 10 мандат.

Мындан тышкары Казакстан элдик ассамблеясынан 9 депутат шайланып келет.

Казакстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты 10 күндөн кечиктирбестен жарыялоого тийиш.

Шайлоого жалпы 11 919 241 шайлоочу катталган. Анын 7 539 280и же 63,25 пайызы гана катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM