Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Жапаровду Өзбекстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 940 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабы кабарлады.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Өзбекстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырган. Тараптар иш сапардын мөөнөтүн дипломатиялык каналдар боюнча аныктоого макулдашкан.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан алдында турган кыйынчылыктарды жеңип чыгарына жана мамлекеттүүлүк менен улуттук биримдикти бекемдөө, социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү программаларды ишке ашырарына ишенерин билдирген.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык эки элдин бакубатчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн өнүгө тургандыгына ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM