Биз менен байланышыңыз

Шайлоо жана референдумдун 11-январга карата жыйынтыктары

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 805 | 0

Кыргызстанда 11-январга карата бардык автоматтык эсептөөчү урналардагы жыйынтыктар 98 пайыз эсептелди. Кол менен эсептөө да аяктады. Чет жактагы шайлоо тилкелеринен жыйынтыктар келип жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Президентти тандоо боюнча добуш берүүгө 1 млн 409 миң 422 шайлоочу катышты. Анын ичинде 11 697 бюллетень жараксыз деп табылды.

Автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгына ылайык, талапкер Садыр Жапаров 1 млн 116 миң 28 добуш, Канатбек Исаев 8207 добуш, Мыктыбек Арстанбек 23618 добуш, Клара Сооронкулова 14005 добуш, Имамидин Ташов 16724 добуш, Абдил Сегизбаев 20 миң 805 добуш, Адахан Мадумаров 94 миң 278 добуш, Аймен Касенов 12 миң 861 добуш, Улукбек Кочкоров 9432 добуш, Жеңишбек Байгуттиев 1342 добуш, Элдар Абакиров 7052 добуш, Курсан Асанов 7072 добуш, Арстанбек Абдылдаев 1158 добуш, Равшан Жээнбеков 2683 добуш, Бактыбек Калмаматов 6999 добуш, Бабыржан Төлбаев 33 миң 630 добуш, Каныбек Иманалиев 2506 добуш алган. Ал эми 19 миң 225 шайлоочу баарына каршы добуш берген.

Шайлдабекованын маалыматына караганда, кол менен эсептегенден кийинки жыйынтыктар борбордук серверге жеткирилүүдө, ал 18 күн ичинде жарыяланат. Аймактык шайлоо комиссиялары бардык участкалардагы жыйынтыктарды БШКга өткөрөт.

Анын жыйынтыгы 19 күн ичинде жарыяланат. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуш берүүдөн кийин 20 күн ичинде айтылат.

Ал эми Референдумдагы добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

Президенттик республика үчүн — 1 млн 147 миң 462 добуш (80,97%);

Парламенттик республика үчүн — 155 миң 185 добуш (10,95%);

Эки вариантка тең каршы — 63 миң 114 добуш (4,45%).

Copyright © 2017 Maral FM