Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен эки адам каза болду

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 415 | 0

Кыргызстанда 11-январга карата COVID-19 илдетинен эки адам каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1371ге жетти.

Акыркы бир суткада дагы 107 адам коронавирус менен катталды. Пандемия башталгандан бери 82 миң 380 адамга вирус жукту.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 101 бейтап сакайды. Айыккандардын жалпы саны 78 003тү түздү.

Стационарда 839 бейтап дарыланууда, анын ичинен 54 адам өтө оор абалда, 232 бейтап оор абалда, 543 киши орто оордукта, 10 адамдын абалы туруктуу.

Бир сутка ичинде 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ал эми стационардан – 2, үй карантининен — 5 медкызматкер айыгып, чыгарылган. COVID-19 4147 медикке жугуп, анын 4014и сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM