Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 50 даттануу түштү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 536 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 50 билдирүү түшкөн. Анын 30у участкалык шайлоо комиссиялары боюнча даттануулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-январда өткөн маалымат жыйында кабарлады.

Мындан тышкары добуш сатып алуу боюнча бир факты, техникалык мүчүлүштүктөр боюнча 7 даттануу, үгүт маалында мыйзам бузулушу боюнча 3 билдирүү, административдик ресурстун колдонулушу боюнча 1 факты жана башка даттануулар бар.

Шайназаровдун айтымында, тийиштүү органдар ар бир фактыны текшерип, чечим кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM