Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова инаугурация качан өтөрүн айтты

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 1236 | 0

Кыргызстанда 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Шайлоого катышуу 39,58 пайызды түздү. Шайлоо комиссияларындагы добуштар 98 пайыз эсептелди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзамга ылайык, 20 күн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгышы керек.

Ал эми инаугурация шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө да добуш берүү аяктады. Акыркы шайлоо участогу Вашингтондо 11-январь, саат 07:00дө жабылды.

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча талапкер Садыр Жапаров 79,25 % добуш менен алдыда келе жатат.

Андан кийинки орундарда Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев бар.

Шайлоого 1 млн 410 миң 364 адам добуш берди. Негизи 3 миллиондон ашык шайлоочу добуш берүүгө укук алган.

Copyright © 2017 Maral FM