Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыялдарымды ишке ашырбасам, ата-энемдин, уулумдун арбагы кечирбейт

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1423 | 0

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында озуп чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берүүдө. Ал өз сөзүндө кыргызстандыктарды көпчүлүгү колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкө экономикалык, саясий оор кырдаалда турганда мага колдоо көрсөттүңүздөр. Элдин социалдык абалы оор. Тышкы карызды төлөө мөөнөтү жакын келип отурат. Мен ак иштеп, бул кырдаалдан тез арада чыгарып кетериме ишенем», — деди Жапаров.

Ал өз сөзүндө 30 жылдан бери үйүлүп калган экономикалык кризисти калыбына келтирүүгө 1-2 жыл жетишсиздигин эске салып, 2-3 жыл ичинде абалды жакшыртууга болорун айтты. Ал үчүн саясий туруктуулук керектигин белгиледи.

Алдыга койгон кыял, максаттары орундалбаса, ата-энесинин, уулунун арбагы кечирбей турганын да кошумчалады.

Белгилей кетсек, 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Ал жалпы добуштун 79,15%ына ээлик кылууда. Учурда жалпы добуш берүүнүн 97,53%ы эсептелип бүттү.

Copyright © 2017 Maral FM