Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов: Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы көз боёмочулук менен чыккан

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 893 | 0

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына таптакыр каршымын. Мындай пикирин президенттикке талапкер Курсан Асанов Ютуб каналдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бурмалоо, көз боёмочулук менен чыгарылды. Шайлоонун жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар орун алды. Мындай жыйынтыкка келишине анын Ош шаарынан жана Ош облусунан алган добуштары себеп болгон.

«Азыркы күнгө чейин Ош шаарынан ыйлашып кабар берип жатат. Башка талапкерлерди айта албайм, мен бардык тилкеде өтө жогору добуш алышым керек эле. Болгону ал жерде (Ош шаары — ред.) 309 добуш дейт, дагы бир жерде 2 добуш дейт. Андай болбойт. Ошондой эле Чүй облусунан да, Бишкек шаарынан да — бардык жерде атайылап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин деңгээлин атайылап түшүрүү болгон. Бул эмне дегенди билдирет? Бул — өздөрүнөн көлөкөсүнөн корккондук», — дейт Курсан Асанов.

Муну менен катар ал чындык үчүн мыйзамдуу жол менен акырына чейин күрөшөрүн кошумчалай кетти.

Copyright © 2017 Maral FM