Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Жапаров алдыда

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1216 | 1

Кыргызстанда бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы БШКнын сайтына жарыяланды.

Жапаров Садыр Нургожоевич — 79.89%

Исаев Канатбек Кедейканович — 0.61%

Арстанбек Мыктыбек — 1.50 %

Сооронкулова Клара Сыргакбековна — 0.95%

Ташов Имамидин Асамидинович — 1.21%

Сегизбаев Абдил Кенешевич — 1.43%

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич — 6.54%

Касенов Аймен Абдыталипович — 0.88%

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич — 0.72%

Байгуттиев Женишбек Сейтбекович — 0.09%

Абакиров Эльдар Курманбекович 0.46%

Асанов Курсан Сатарович — 0.49%

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич — 0.08%

Джеенбеков Равшан Бабырбекович — 0.19%

Калмаматов Бактыбек Орозалиевич — 0.52%

Тольбаев Бабыржан Латиханович — 2.11%

Иманалиев Каныбек Капашович — 0.16%

БААРЫНА КАРШЫ — 1.25%.

Эскертүү! Бул шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Добуштар автоматтык урналардын эсептөөсүнүн негизинде көрсөтүлүүдө.

Кыргызстанда кечки саат 18.00гө карата 1 млн 180 миң  515 адам добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлагандай, бул жалпы шайлоочулардын 33,13 пайызын түздү.

Чет мамлекеттердеги 11 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады. Вашингтондогу добуш берүү таңга чейин жүрөт.

Ал эми референдум үчүн 1 млн 180 миң 656 адам добуш берип, бул 33,8 пайызды түздү.

Өлкө ичиндеги 2474 шайлоо тилкеси эртең мененки саат 08.00дө ачылган. Добуш берүү кечки саат 20.00гө чейин жүрдү.

1 пикир

1 пикир

  1. Элдияр

    11.01.2021 07:40

    Жалпы шайлоочулардын 50 пайыздан ашмайнча бул шайлоо жараксыз Бугунку кундо 3563574 адамдын ичинен 820699 адам гана шайлаптыр

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM