Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү аяктады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 621 | 0

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү аяктады. Өлкө ичиндеги 2474 шайлоо тилкеси эртең мененки саат 08.00дө ачылган. Добуш берүү кечки саат 20.00гө чейин жүрдү.

Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. АКШнын борборундагы шайлоо тилкесинде добуш берүү таңга чейин уланат.

Добуш берүүгө катышууга жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу укук алган.

БШК кечки саат 18.00гө карата шайлоого жана референдумга катышкандардын саны 33 пайызды түзгөнүн кабарлады.

Коомчулук жана саясий серепчилер быйыл жарандардын шайлоого катышуусу төмөн болгонун айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM