Биз менен байланышыңыз

«Достук» мейманканасынын алдына чогулгандар суралып жатат

Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 669 | 0

Бишкектеги «Достук» мейманканасынын алдына жарандар чогулганы тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Кубан Адыл уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын маалыматы боюнча, мейманкананын алдына спортчулар чогулуп жатат деп айтылгандан кийин окуя Бишкек милициясында каттоого алынган. Ал жерде чогулгандардын ар бири суралып жатат.

Бүгүн интернетте «Достук» мейманканасынын алдына митинг үчүн жарандар чогулуп жатат деген маалыматтар тараган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Добуш берүү тилкелери кечки саат 20.00дө жабылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM