Биз менен байланышыңыз

Баткенде эл шайлоого түштөн кийин активдүү катыша баштады

Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 459 | 0

Баткен облусунда кечки саат 18.00гө карата 100 миң 906 шайлоочу добуш берип, катышуу 34 пайызды түздү.

Облуста жалпы 297 миң 264 шайлоочу катталып, 217 шайлоо тилкеси ачылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, мыйзам бузуулар катталган жок.

Облуста коомдук-саясий абал тынч.

Күндүн экинчи жарымында, облуста шайлоочулардын активдүүлүгү байкалган. Азыркы учурда да шайлоо тилкелеринде шайлоочулар арбын. Өлкөдөгү шайлоо участоктору кечки саат 20.00дө жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM