Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: ИИМге мыйзам бузуулар боюнча 8 материал түштү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 607 | 0

Бүгүн, 10-январда саат 08:00дөн бери Ички иштер министрлигине мыйзам бузуулар боюнча 8 материал келип түштү. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу брифингде Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Маалым болгондой, 8 материалдын ичинен 7 факт Бишкекте, 1 факт Ошто катталган. Ал эми үгүт маалында Ички иштер министрлигине мыйзам бузуулар боюнча 78 арыз келип түшкөн.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча 500дөн ашуун арыз түшкөн.

Учурда 11 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти камсыздап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM