Биз менен байланышыңыз

Саат 14.00гө карата шайлоочулардын 18,56 пайызы добуш берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 557 | 0

Кыргызстанда саат 14.00гө карата 661 миң 501 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 18,56 пайызын түздү.

Референдум үчүн добуш бергендердин саны да жалпы шайлоочулардын 18,56 пайызын түздү.

Кыргызстандан тышкаркы мамлекеттерде жергиликтүү саат 14.00гө карата 4 миң 704 кыргызстандык добуш берди.

Чет мамлекеттерде 49 миңден ашык шайлоочу добуш берүүгө укук алган, 48 шайлоо участогун ачуу пландалган.

Эң биринчи шайлоо тилкеси Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарында ачылды. Учурда бир эле участок ачыла элек, ал АКШнын Вашингтон шаарында.

Президенттик шайлоого катышкандардын саны:

-Бишкекте 72 миң 766, Ош шаарында 35 миң 226, Жалал-Абад облусунда 126 миң 830, Ысык-Көл облусунда 67 миң 274, Нарын облусунда 41 миң 336, Ош облусунда 134 миң 397, Талас облусунда 27 миң 666, Чүй облусунда 92 миң 246, Баткен облусунда 58 миң 764 жана чет өлкөлөрдө 4 миң 966 жаран добуш берди.

Ал эми референдумга аймактар боюнча алганда:

-Бишкекте 72 миң 50, Ош шаарында 35 миң 255, Жалал-Абад облусунда 126 миң 763, Ысык-Көл облусунда 67 миң 287, Нарын облусунда 41 миң 306, Ош облусунда 134 миң 884, Талас облусунда 27 миң 658, Чүй облусунда 92 миң 276, Баткен облусунда 58 миң 765 жана чет өлкөлөрдө 4 миң 908 жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM