Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү өттү

Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 340 | 0

Бүгүн, 10-январда Бишкекте жарандык активисттер «мыйзамдуулук үчүн» деп аталган кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Иш-чараны «Баштан башта» коомдук уюму уюштурду.

Тынчтык маршы түшкү саат 12:00дө темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, «Ала-Тоо» аянтында аяктады. 

Өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлгөндөн бери жекшемби сайын референдумга каршы жүрүш өтүп жатат. Катышуучулардын арасында жарандык активисттер, юристтер, саясатчылар бар.

Алар бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка, референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин айтып келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM