Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Бул шайлоо да мыйзам бузуу менен өтүүдө

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 853 | 0

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда Бишкектеги №1138 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Каныбек Иманалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, добушун президенттикке талапкер Клара Сооонкуловага берип, парламенттик башкарууну тандаганын айтты. Ал шайлоо таза өтпөй жатат деген пикирде.

«Шайлоо таза өткөн жок. Муну бир гана мен эмес, 17 талапкердин 10дон ашыгы айтып жатат. Баары эле көрүп жатат шаарда жарнамаларда, стенддерде бир эле кишинин сүрөтү илинип турат. Мамлекеттик телеканалдар, министрликтер, акимиат, бардык админресурстар бир эле кишиге иштеп жатат», — дейт Каныбек Иманалиев.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттик жарышка ат салышып жаткан талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев бир пикирге биригишкен. Алар эгер шайлоонун экинчи туру болсо, арасынан бир талапкерди колдоп чыгарын билдиришкен. Алардын айтымында, мындай кадамга барууда өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниети көздөлгөн.

Каныбек Иманалиев добушун Клара Сооронкуловага берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM