Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев добушун Клара Сооронкуловага берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 983 | 0

Президентикке талапкер Каныбек Иманалиев №1138 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Каныбек Иманалиев башкалардан өзгөчөлүнүп, «17 жигиттин арасында жалгыз айым болсо, өзүңө-өзүң добуш бергениң уят. Мен кыргыз аялзатына, Клара Сооронкуловага добуш бердим», — деп билдирди. Ал эми референдумда ал парламенттик башкарууну тандаганын кошумчалады.

Ал шайлоого  уулу, кызы жана жубайы Шаткүл Кулматова менен келип, добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. Шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

Эртең мененки саат 8:00дө Кыргызстандын ичинде 2474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды.

Добуш берүүгө жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катыша алат.

Жаранга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM