Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда саат 10.00гө карата 100 миңге жакын шайлоочу добуш берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 692 | 0

Кыргызстанда саат 10.00гө карата 99 миң 772 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында кабарлады.

Жалпы катышуу 2,8% түздү.

Алардын ичинен:

Бишкек ш. – 12 932 шайлоочу же 3,11%,

Ош ш. – 8 705 шайлоочу же 5,76%,

Жалал-Абад областы – 18 353 шайлоочу же 2,75%,

Ысык-Көл областы – 9 541 шайлоочу же 3,10%,

Нарын областы – 5 581 шайлоочу же 2,76%,

Ош областы – 20 875 шайлоочу же 2,89%,

Талас областы – 3 792 шайлоочу же 2,40%,

Чүй областы – 12 805 шайлоочу же 2,16%,

Баткен областы – 7 188 шайлоочу же 2,42%,

Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна:

Жалпы катышуучулар – 98 894 же 2,78%.

Алардын ичинен:

Бишкек ш. – 12 093 шайлоочу же 2,91%,

Ош ш. – 11 458 шайлоочу же 7,58%,

Жалал-Абад областы – 18 533 шайлоочу же 2,78%,

Ысык-Көл областы – 8 123 шайлоочу же 2,64%,

Нарын областы – 5 553 шайлоочу же 2,74%,

Ош областы – 19 524 шайлоочу же 2,70%,

Талас областы – 3 785 шайлоочу же 2,40%,

Чүй областы – 12 732 шайлоочу же 2,15%,

Баткен областы – 7 093 шайлоочу же 2,39%,

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. Шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

Эртең мененки саат 8:00дө Кыргызстандын ичинде 2474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды.

Добуш берүүгө жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катыша алат.

Жаранга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Copyright © 2017 Maral FM