Биз менен байланышыңыз

Шайлоого карата чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр оң натыйжа берди

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 9 Янв 2021 | 705 | 0

Эпидемиологиялык абалдын начардыгына байланыштуу жарандардын кыймылына чектөө киргизилген чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга катышуусун камсыздоо максатында дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук кызматтар тарабынан атайын иш-чаралар иштелип чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, дипломатиялык өкүлдөр Кытай, Түркия, Италия, Германия, Улуу Британия мамлекеттеринин бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын жарандарын шайлоого жана референдумга катыштыртуу үчүн тиешелүү уруксаттарды алышты. Уруксат берүүдө ар кайсы өлкө ар кандай талаптарды коюшкан. Маселен, Кытай өлкөсү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоосун эскертсе, Италия мамлекети добуш берүүгө катышуу үчүн келаткан ар бир жарандын жанында себебин так көрсөткөн «маршруттук баракча» (autocertificazione) болушу керектигин айтышкан. Башка мамлекеттер кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алышкан.

Белгилей кетсек, чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн мекендештердин шайлоого жана референдумга катышуусун камсыздоо үчүн 28 мамлекетте 48 шайлоо тилкеси ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM