Connect with us

“Жерүй”: Келерки айда алгачкы алтын куймасы өндүрүлөт

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 623 | 0

Таластагы «Жерүй» кениндеги алтынды кайра иштетүүчү фабрика январь айынын аягында пайдаланууга берилет жана ага кыргыз өкмөтү болгон жардамын көрсөтөт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Талас облусуна жасаган иш сапарында айтты.

“Кыш мезгилинин аягына чейин фабрика биринчи алтын куймасын чыгарат деп ишенем. Ошону менен бирге компания буга чейин алган бардык милдеттенмелерин аткарат. Инвесторлордун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу — биздин милдет. Аны менен бирге биз жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу, товарларды өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү маселесине да көңул бурулушу керек”.

Артем Новиков кен иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптардын сакталышынын маанилүүлүгүн эскертти.

Алтын кендер: Кечиккен келишимдерден өлкө күн сайын утулууда

Белгилей кетсек, «Жерүй» алтын кенин иштетүү укугу 2015-жылы Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына берилген. Компания сынак аркылуу 100 миллион долларга сатып алганы менен мамлекет андан бир пайыз да үлүшү жок калган. Расмий маалыматтар боюнча кенде 105 тонна алтындын запасы бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM