Биз менен байланышыңыз

ПЧР-тест тапшырууда мамлекеттик лабораториялардын артыкчылыктары

Кыргызстандан чет мамлекетке чыгуу үчүн COVID-19га текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп жатат. Анда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЧР-тест аркылуу алынат. Мамлекеттик лабораториялардын негизги өзгөчөлүгү — баасынын арзандыгында. Анализ тапшыруунун баасы 1 миң 574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиева билдирди. Анын айтымында, ар бир тапшырган адамдын анализинин жыйынтыгында өзүнүн QR-коду болуп, коопсуздугу бекем сакталат.

«Бизде бир топ жеңилдиктер бар. Бир гана мамлекеттин ичинде болгон жарандар үчүн эмес, чет өлкөгө кетип жаткан жарандар үчүн да жеңилдиктер бар. Биринчиден, муну медициналык туризм деп коёбуз. Башка мамлекеттерге дарыланууга кетип жаткан жарандар жана алты жашка чейин балдар үчүн ПЧР анализ акысыз. Мындан тышкары эгерде социалдык жактан кооптуу жарандар болсо, анда алар тиешелүү медициналык мекемелердин жолдомосу менен биздин жетекчиликке келишет. Мында да акысыз лабораториялык изилдөө өткөзөбүз».

Молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык лаборатория өз ишин эртең мененки саат 8де баштайт. Демалышсыз иштеп, саат 8ден түшкү саат 3кө чейин ПЧР анализ алынат, андан кийин анализдин жыйынтыктары бериле баштайт. Бир күндө 60-70тей адам келип, анализ тапшырат. Ал эми кезек күтүү көбүнчө эртең менен болот. Бул тууралуу жогоруда аталган лабораториянын медайымы Жылдыз Бектурова айтып, анализ кандай ыкма менен алынарын түшүндүрдү.

«ПЧР-тест үчүн биз мурунунан жана оозунан мазок алабыз. Андан кийин атайын чоң контейнерге баары салынып, лабораторияга алып барабыз. Ар бирине номур беребиз, лабораториядан ошол номурлар боюнча жыйынтыктар чыгат».

Лабораторияда кезекте турган адамдар мамлекеттик лабораториянын кызмат көрсөтүүсүнө ыраазы. Алардын айтымында, кезекте турган адамдардын саны аз, медайымдар ыкчам жана жакшы мамиле менен жумушун аткарып жатышат.

«Биз Кантта турабыз. Кызым кичине баласы менен Түркияга кетмек. Канттагы «Бонецкий» лабораториясына барсак, 2 миң 500 сом деп айтышты. Бул — биз үчүн аябай эле кымбат. Анан аны 72 саат күтүү керек экен, ал аз келгенсип, ошол жыйынтыктар биздин аэропортко жарабай да калышы мүмкүн деп айтышты, демек кепилдик бербейт экен». 

«Бизге 10 сом арзан болсо да, баары бир жеңилирээк да. Ошондуктан ушул жакка келдик. Шарттары жакшы, медайым баарын түшүндүрүп берди. Кезек күтүү да жок экен».

Белгилей кетсек, жаран анализ тапшыруунун алдында 2 саат тамактанбашы, суусундук ичпеши, тамеки чекпеши, сагыз чайнабашы шарт. Анализ тапшырганга сөзсүз билет алган паспорту менен келүүсү зарыл.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги анализ алууну каалаган жеке менчик лабораторияларга тийиштүү эрежелер менен аккредитациядан өтүүгө кайрылган. Жыйынтыгында 4 лаборатория каттоодон өтүп, учурда экөөсү гана иштеп жатат. Алардын 1 тест үчүн баасы 2500 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM