Биз менен байланышыңыз

Шайлоо маалында 9 миңден ашык элдик кошуун милицияга жардам берет

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 575 | 0
Сүрөт: Болот Ибрагимов

Президенттик шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында кабарлады.

Өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерин кайтарууга 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилген. Шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт.

Мындан тышкары, башка мекемелерден да 2 миңден ашык кызматкер иш алып барат.

ИИМ үгүт өнөктүгү учурунда 50гө жакын  мыйзам бузуу фактысын каттады. Бишкек шаары боюнча 11 учур, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 2, Нарында бир факты катталган.

Анын ичинен сегизи кылмыш иши катары катталган, бешөө сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылган.

Ош шаарында Жазыктар кодексине бир факты катталган. Текшерүүдөн кийин ал кыскартылган.

Бишкекте 2, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден, жалпы 4 факты добуш сатып алуу боюнча катталып, анын үчөө кыскарган.

Жазыктар кодексинин уурдоо беренеси менен бир факты катталган. Ал өндүрүштө тергелип жатат.

Ээнбаштык боюнча эки фактынын бирөө кыскарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM