Биз менен байланышыңыз

7-январда Кыргызстандын айрым облустарында кар жаайт

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 405 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 7-январда түнкүсүн Ош облусунун аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында, тоо этектеринде кар жаайт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;

Талас облусунда: түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Баткенде: түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;

Нарын жергесинде: түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -15…-17, күндүз -7…-9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM