Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Эркин-Тоо» басмаканасынын имараты боюнча териштирүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 373 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери «Эркин-Тоо» басмаканасынын имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин айрым кызмат адамдарына карата териштирүү жүрүп жатат. Алар имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин мамлекеттик тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланып, чечимди мыйзамсыз кабыл алганы аныкталды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат Өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданий эстеликтеринин тизмесине киргизилген.

«Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты Өкмөт гана бере алат.

Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен жең ичинен келишип, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышканы айтылууда.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM