Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Быйыл Бишкектеги кара түтүндү жок кыла албайбыз (видео)

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 598 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ушул тапта шаардагы түтүндү жок кылуу мүмкүн эмес экенин, бирок кийинки кышта толук жок кылса болорун айтты.

Түлөбаев шаарды каптаган ышты жоготуунун бир гана жолу — Бишкек жылуулук электр борборун көмүрдөн газга өткөрүү керек деген ойдо. Ошондо кара түтүндүн чыгуусу 50-60 пайызга токтойт. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБине Кара-Кечеде көмүр ташууну токтотуу керектигин айтууда.

3-4-январда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Мындай жыйынтык дүйнө шаарларында абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына жарыяланды. Анда Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген.

Кененирээк видеодо:

Copyright © 2017 Maral FM