Биз менен байланышыңыз

1-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 421 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда кар жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн  -10…-15, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн  -6…-11, күндүз -1…+4;

Нарын жергесинде түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…-3 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM