Биз менен байланышыңыз

Бактияр Алиев КТРКнын башкы директору болуп шайланды

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 674 | 0

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору кызматына Бактияр Алиев бекитилди. Бүгүн, 30-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңеши талапкерлердин программалары менен таанышты.

Буга чейин директор болууга 15 талапкер арыз берген. Анын экөө — Кадыр Кошалиев менен Дүйшөналы Мамбетөмүров талапкерлигин алып салган. Бүгүн 13 талапкердин программалары угулуп, ар бири менен маектешүү болду.

18-ноябрь күнү КТРКнын башкы директору кызматына талапкерлердин документтери салынган конверттер ачылган.

Коомдук каналдын жетекчилигине ат салышкан талапкерлер:

  • Бактияр Алиев
  • Сураган Босумбаев
  • Сталбек Дюшалиев
  • Замир Казакбаев
  • Үсөн Көлбаев
  • Эрнис Кыязов
  • Шайырбек Мукарамов
  • Ырыс Окенова
  • Абдыкадыр Султанбаев
  • Калыбек Тайтекеев
  • Болотбек Тиллебаев
  • Алим Токторов
  • Айбек Турдалиев

КТРКнын башкы директору кызматына сынак 29-октябрда жарыяланган.

5-6-октябрдагы башаламандыктардан кийин КТРКнын мурдагы директору Жайнак Усен уулу өз арызы менен кызматтан кетип, 14-октябрда Бактияр Алиев КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган. Ага чейин ал Республикалык телерадио борборунун директору кызматын аркалап турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM