Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Мамлекетке 140 млн сомго жакын зыян келтирилген

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 307 | 0

Мамлекетке 140 млн сомго жакын зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

«Манас менеджмент компани» ишканасынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн мыйзамсыз түрдө жеңилдиктер берилгендиги аныкталган.

Кызматкерлер эл аралык каттам боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн «Г.Э» аттуу чет өлкөлүк компанияга 1 тонна жүккө 60 доллар жеңилдетилген тариф белгилешкен. Ушул сыяктуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн башка компаниялар үчүн 1 тонна жүккө 95 евро өлчөмүндөгү тариф каралган.

Натыйжада, 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта «Манас» эл аралык аэропортуна 139 млн 598 миң 681 сом төлөмдөр түшкөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдарына Жазык Кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM