Биз менен байланышыңыз

Талапкерлерди бириктирген меморандум — күчтөнгөн оппозиция

Саясат , Шайлоо-2021 | 29 Дек 2020 | 782 | 0

Президенттик жарышка ат салышып жаткан талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев бир пикирге биригишти. Алар эгер шайлоонун экинчи туру болсо, арасынан бир талапкерди колдоп чыгышат. Бул боюнча меморандум кабыл алышканын, документке башка талапкерлер да кол коё алышарын билдиришти. Алардын айтымында, мындай кадамга барууда өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниети көздөлгөн.

Төрт талапкер кол койгон меморандумда айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти басып алуулар болгону, мындай кадам адамдардын коопсуздугуна көйгөй жаратары белгиленген. Ошондой эле үгүт өнөктүгүндө административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо жана коркутуу менен коштолуп жатканы жазылган.

Талапкерлер соттуулугу жоюла элек адам премьер-министр болуп, мыйзамсыз түрдө президенттин милдетин аткарганын, Жогорку Кеңеш мыйзамсыз иштеп, шайлануу укугу жок адам президенттикке талапкер катары катталганын сындашты.

Алардын бири Каныбек Иманалиев президенттикке талапкер Садыр Жапаровду мыйзамдын беренелерин бузуу жолу менен баратканын, эгер ал жеңип чыкса, өлкөнүн келечегине коркунуч жараларын айтат.

«Биздин бир талапкер эки айдын ичинде Конституциянын 2 беренесин, Кылмыш кодексинин 2 беренесин, президентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 2 беренесин, кызыкчылыктар кагылышы боюнча мыйзамдын 4 беренесин — жалпы 10 мыйзамды бузду. Бир талапкер Садыр Жапаров мыйзамды бузуу боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Анан ушул Башмыйзамдын кепили болуп бере алабы?»

Ошондой эле, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодогу мыйзам бузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотуна доо арыз менен кайрылганын белгилешти. Алар президенттикке талапкерлер Садыр Жапаровдун акталышында мыйзам бузуу болгон деп эсептешет.

Талапкерлердин бири, юрист Клара Сооронкулова Садыр Жапаров менен катар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовду актаган Жогорку Соттун чечими процессуалдык эрежелерди бузуу жана басым-кысым астында мыйзамсыз чыкканын билдирди.

Төрт талапкер буга байланыштуу Соттор кеңешине актоо өкүмүн чыгарган судьяларга карата чара көрүү талабы менен кайрыла турганын айтышты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаевдин айтымында, өлкө мыйзамындагы беренелер буга чейин деле орун алган. Андыктан Жапаровдун мындай жол менен шайлоого катышуусун болуп келген көрүнүш катары баалайт.

«Укуктук мамлекет болгон соң, Конституциянын бузулуусуна жол бербешибиз керек. Бирок, көпчүлүк: «Мыйзам бузулса да мейли, өлкөдө тынчтык болуп, татыктуу лидер келсе болду», — деген ойго биригишкен. Бир чети бул туура».

Саясий серепчилердин бири Алмаз Тажыбайдын айтымында, азыркы бийликтин талапкери катары айтылып келген адамга каршы оппозициялык топтун биригүүсүн эң туура көрүнүш катары баалайт. Анын пикиринде, эгер оппозициялык топ акырына чейин биригип, бекем турса, негизги талакерге карата элдин оюн өзгөртүп, чон күчкө айланат деген пикирде.

Талапкерлер жаңы жылдан кийин шайлоочулар менен жолугушууларды чогуу өткөрө турганын маалымдашты. Эгер шайлоонун экинчи туру өтө турган болсо, анда бир талапкерди чогуу колдошот.

Copyright © 2017 Maral FM