Биз менен байланышыңыз

УКМК: Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүлүп берилет

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 1028 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүлүп берилерин билдирди.

Комитеттин маалымат кызматы билдиргендей, батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбайт. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов буга чейин мамлекетке келтирген зыяндары толуктоо үчүн 2 млрд сом төлөөгө милдеттендирилген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда белгиленген сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө өндүрүлгөнүн, калган бөлүгү бир соода борбору жана тогуз батир менен төлөнгөнүн билдирген. Ошондой эле, батирлердин сегизи УКМК кызматкерлерине берилери айтылган.

Батирлердин УКМК кызматкерлерине берилиши коомчулукта катуу нааразычылыкты пайда кылган.

Copyright © 2017 Maral FM